КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиеванын архивдик сүрөтү

Касымалиева: соода борборундагы балдар аянтчасы ылдый жакта болушу керек

51
(жаңыланган 11:47 30.03.2018)
КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева аталган маселени Жогорку Кеңеште көтөрөрүн айтты
Касымалиева: соода борборундагы балдар аянтчасы ылдый жакта болушу керек

Соода борборундагы балдар аянтчасы ылдый жакта болушу керек. Бул тууралуу Аида Касымалиева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Кыргызстандагы соода борборлорундагы балдар ойной турган жайларды ылдыйкы, коопсуз кабаттарга түшүрүү зарыл. Керек болсо муну мыйзамга, атайын токтомго киргизүү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Россиянын Кемерово шаарындагы трагедия жүрөктү түшүрдү. Соода борборлору, айрыкча Бишкек менен Ош шаарларында көп жайгашкан. Андагы балдар ойногон, чогулган жер соода борборунун акыркы кабатында эмес, эң коопсуз деген аймагында, ылдый жакта жайгашуусу керек", — деди Касымалиева.

Парламентарий бул жайларды астыңкы кабаттарга түшүрүү боюнча документтерди карап чыгууга камынганын, эгерде андай учурлар каралбаса, тиешелүү мыйзамдар менен киргизүүгө ниеттенип жаткандыгын белгиледи.

Эске салсак, Россиянын Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" деп аталган төрт кабаттуу соода борборунда жекшемби күнү өрт чыккан. Анда жалындын бир нече кинозал менен балдар аянтчалары иштеген жогорку кабатта чыкканы айтылган. Кырсыктын кесепетинен 64 адам каза тапса, анын 41и — балдар экени айтылды.

51
Белгилер:
өрт, Аида Касымалиева
Тема боюнча
Кайдан деп болобу... Кемероводогу каргаша Кыргызстанда кайталанбайбы?