Кербен — Нанай чек ара бекети ачылса Аксы элине жакшы болот. Бул тууралуу депутат Алмаз Эргешов парламентте сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган бекет буга чейин иштеп келген.
"Чек арада жайгашкан айылдарга көңүлүңүздөрдү бургум келет. Аксы районунун эли дыйканчылык менен алектенип, мал кармайт. Аталган райондун 145 чакырымы Өзбекстан менен чектеш. Буга чейин Кербен — Нанай посту болгон. Бүгүнкү күндө ошол бекет жабык турат. Эгер аталган жер ачыла турган болсо райондо өндүрүлгөн продукцияларды кошуналарга өткөрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлмөк", — деди Эргешов.
Ал маселе оң жагына чечиле турган болсо 2 миллион 800 миң калкы бар Наманган аймагына жол ачыларын кошумчалады.
2020-жылы пандемия убагында 19 миллион жүргүнчү ташыдык. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 10 миллион кишиге аз. Бул тууралуу Талантбек Капаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, троллейбус айдоочуларынын айлык акысы 12-20 миң сомго жетет.
"Бишкек троллейбус башкармалыгында 183 троллейбус бар. 120 транспорт 11 маршрут боюнча линияга чыгып, каттамдарды тейлейт. Жалпы жамаатта 700дөй кызматкер иштейт. Ишканага 2013-жылы 79 жаңы троллейбус, 2018-жылы дагы 52си алынган. Ал эми 1989-1990-жылдары чыгарылган жалпы 27 троллейбустун эскилиги жеткендиги тууралуу мэрияга айтылды. 2020-жылдын башынан тарта "Тулпар" көзөмөл кызматы менен иштеше баштадык. Шаар тургундары электрондук билетке толугу менен өтсө жүргүнчүлөрдүн саны, бюджетке түшкөн каражат боюнча ачык-айкындуулук болот эле", — деди Капаров.
Жетекчи ошондой эле бир троллейбусту капиталдык ремонттон өткөрүүгө болжол менен 150 миң сом талап кылынарын кошумчалады.
Айша Карасаевага өз кезегинде айтылуу жазуучу Аалы Токомбаев дагы ашык болгон, бирок нике кайып буюруп Кусеин Карасаевге турмушка чыгып калган. Бул тууралуу Сыртбай Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Карасаев жашоодон көп запкы тартып калгандыктан сөзгө, кепке абдан сак эле.
"Кусеин Карасаев менен ата-баладай болуп жүрүп, ал кишинин үйүндө көп жолу конокто болдум. Сөздүн гүлүн терип, макалдатып сүйлөгөн чечен киши болчу. Башкалардан дагы ушуну талап кылчу. Ал киши менен баарлашып отурганда жан дүйнөңдө сергүү, тазаруу пайда болор эле. Конокко барганда жубайы Айша апа дароо дасторконун жая салчу. Айша Карасаева кыргыздын мыкты кыздарынын бири эле. Алгачкы "Чүмбөттүү араба" деген тасмага тартылган актриса. Экөөнүн курагында айырмачылык 10 жаш болчу. Аны белгилүү жазуучубуз Аалы Токомбаев дагы жакшы көргөн экен. Экөө Айша апаны талашып, нике кайып буюруп Кусеин Карасаевге турмушка чыгып калган", — деди Мусаев.
Профессор жубайлар үч кызга таалим-тарбия берип өстүргөнүн кошумчалады.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.
Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.