Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сарыбашов: Сары-Таш жайлоосундагы жайыт Өзбекстанга пайдаланууга берилиши мүмкүн

© Sputnik / Зульфия ТургуноваӨкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалай Сарыбашов
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалай Сарыбашов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусундагы Алай районунун Сары-Таш жайлоосундагы жайытты келишимдин негизинде Өзбекстанга пайдаланууга берүү маселеси каралып жатат.
Сарыбашов: Сары-Таш жайлоосундагы жайыт Өзбекстанга пайдаланууга берилиши мүмкүн

Сары-Таш жайлоосундагы жайыт Өзбекстанга пайдаланууга берилиши мүмкүн. Мындай пикирин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалай Сарыбашов эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн жолугушуусунда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, аталган аймакты СССР маалында Өзбекстан келишимдин негизинде жайыт катары пайдаланып келген.

"Сары-Таш жайлоосундагы жайыт учурда жергиликтүүлөр тарабынан пайдаланылбай турат. Союз мезгилинде кошуна өлкө менен жайыттарды пайдалануу боюнча келишимдер түзүлүп келген. Бүгүнкү жолугушууда бул маселени карап чыктык. Эгерде бул демилге ишке ашса, анда Алай районунун экономикасынын көтөрүлүшүнө да чоң салым болот", — деди Сарыбашов.

Ал ошондой эле Ош облусунун Өзбекстандын Анжиян облусу менен чектешкен аймагы 241 чакырымды түзөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0