Бишкек шаардык психологиялык жана психотерапевттик жардам көрсөтүү боюнча кеп-кеңеш берүү борборунун жетекчиси Кеңешбек Усенов

Усенов: адамдардын стресстик даражасы ар турдүү болот

169
(жаңыланган 19:19 02.04.2018)
Бишкек шаардык психологиялык жана психотерапевттик жардам көрсөтүү боюнча кеп-кеңеш берүү борборунун жетекчиси Кеңешбек Усенов органдарды эле дарылоого эмес, адамдын жан дүйнөсүн да дарылоого убакыт келгендигин айтты.
Усенов: адамдардын стресстик даражасы ар турдүү болот

Адамдар стрессиз жашай албайт. Бул тууралуу Кеңешбек Усенов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, дүйнөдө болуп жаткан окуяларды ар бир адам өзүнүн деңгээлине жараша кабыл алат.

"Биз стрессиз жашай албайбыз. Бирок, ар бир адамдын стресстик даражасы ар турдүү болот. Жаман кабарды укканда бири сыгылып, бушайман болсо, экинчиси маани деле бербейт. Айланада болуп жаткан окуялар да адамдын кабыл алуусуна жараша стресстик туруктуулугун аныктайт", — деди психолог.

Ал ошондой эле адамдар өзүнө бир нерсени кабыл алаарда окуяны баалап көрүшү керектигин кошумчалады.

169
Белгилер:
стресс, адам, психолог
Тема боюнча
Усенов: азыркы замандын адамдары кайдадыр шашып эле турушат
Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев

Алиев: 700 млн. сомдон ашкан байлыкты легалдаштырууга уруксат берилиши мүмкүн

35
Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев 2019-жылга чейин көмүскө жолдор менен табылган каражаттарын же убагында салык төлөнбөй калган мүлктөрүн легалдаштырууга уруксат берген мыйзам долбоору сунушталып жатканын айтты.
Алиев: 700 млн. сомдон ашкан байлыкты легалдаштырууга уруксат берилиши мүмкүн

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча, каалаган жарандар 700 миллион сомдон ашык каражатын же ошол каражатка алынган мүлктөрүн  700 миң сом мамлекетке төлөп, адалдаштырып алса болот. Мамлекет өз кезегинде катталган байлык кандай жолдор менен табылгандыгын купуя сактоого кепилдик берет жана андан ары ал адамдын каражаты эч бир тиешелүү орган тарабынан текшерүүгө алынбайт. Бул тууралуу Бекболот Алиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору чет элдик тажрыйбаларды эске алуу менен иштелип чыгып, парламентте биринчи окуудан өттү.

“Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, 2019-жылга чейин тапкан каражаттарын жарандар өздөрү келип легалдаштырып алса болот. 700 миллион сом же андан жогорку суммадагы байлыгы үчүн 700 миң сом өлкө казынасына төлөйт. Мыйзамдын максаты көмүскө экономиканы азайтуу. Мындай мыйзам көптөгөн өлкөлөрдө бар, айрымдарында ийгиликтүү иштеп жатса, кээ бирлеринде ишке ашпай келет. Башка мамлекеттердин тажрыйбасын эске алуу менен механизмдери иштелип чыкты. Учурда Жогорку Кеңештен биринчи окуудан өттү”, — деди Алиев.

Ал аталган мыйзам долбоору кабыл алынып калса жарактуу мөөнөтү алты айдан бир жылга чейинки убакытты гана өзүнө камтый тургандыгын кошумчалады.

35
Белгилер:
экономика, адалдоо, байлык, мыйзам
Тема боюнча
Кучумкулов: эми автоунааларды электрондук паспорттун көчүрмөсү менен каттайбыз
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана үй-бүлөлүк медайымдар ассоциациясынын административдик директору Сүйүмжан Мукеева

Мукеева: акыркы 30 жылда медициналык билим берүү начарлады

15
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана үй-бүлөлүк медайымдар ассоциациясынын административдик директору Сүйүмжан Мукеева коронавируска байланыштуу карантин өз учурунда киргизилгенин айтты.
Мукеева: акыркы 30 жылда медициналык билим берүү начарлады

Акыркы 30 жылдын аралыгында медициналык билим берүүнүн сапаты начарлады. Учурда айрым жаш дарыгерлер чумага каршы костюмду кантип колдонуу керектигин билбейт. Бул тууралуу Сүйүмжан Мукеева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, карантин элди үйдө кармап туруу максатында эмес, оорунун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатын көздөдү.

"Саламаттык сактоо министрлиги карантинди өз учурунда киргизди. Бул өлкөнүн медицина тармагынын абалы жакшы болбогондугунан жасалды. Себеби башка мамлекеттердегидей абал болуп, вирус күчөп кетсе дарыгерлер жетишпей калмак. Министрлик эпидемиянын алдын алуу багытында болгон аракетин көрдү. Бул жерден белгилей кетүүчү жагдай, акыркы 30 жылдан бери билим берүү жагы аксап жатат. Мурда өзгөчө кырдаалдар боюнча окуулар жүргүзүлчү. Ошондой эле ар бир оорукананын кампасында чумага каршы костюмдар, үч айга жете турган дарынын запасы турчу. Азыр айрым жаш адистердин арасында чумага каршы костюмду кийип-чечүү эрежесин тургай, анын кандай экенин көрө электер бар. Анткени аларга эч ким үйрөткөн жок. Ошондуктан медиктердин арасында вирус жайылууда", — деди Мукеева.

Кыргызстанды коронавирус инфекциясы каптагандан бери 280 медицина кызматкери илдетти жуктуруп алган. Учурда алардын ичинен 231и айыгып кетти. Тилекке каршы, бир дарыгер көз жумду.

15
Белгилер:
билим берүү, дарыгер, карантин
Тема боюнча
Жети-Өгүздө төрөт үйүн обсервацияга айландыруу чечими жокко чыгарылды
Шамалга учкан чатыр. Архивдик сүрөт

Бакты омкоруп, чатырды кагаздай учуруп... Екатеринбургдагы шамалдын видеосу

0
(жаңыланган 22:09 25.05.2020)
РИА Новости агенттигинин ИИМ жана жергиликтүү саламаттык сактоо органына таянып жазганына караганда, жаратылыш кырсыгынан эки киши көз жумду.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Урал жана анын борбору Екатеринбург шаарында (Россия) дүйшөмбү күнү кечинде катуу бороон-чапкын болду. Ал учурда тартылган видеолорду интернет колдонуучулар социалдык тармактарга жүктөдү.


Кадрларда көрүнүп тургандай, шамал темир такталарды, курулуш таштандыларын асманга сапырып жатат.

Башка видеодо жерге түшүп калган темир чатырдын үстүндө турган кишини шамал алып ыргытып, темирди кагаздай желбиретип учуруп кеткенин көрүүгө болот.

РИА Новости агенттигинин ИИМ жана жергиликтүү саламаттык сактоо органына таянып жазганына караганда, жаратылыш кырсыгынан эки киши көз жумду.
Материалдык чыгым эсептелип жатат.

0
Белгилер:
Россия, Екатеринбург, шамал, кырсык, аба ырайы
Тема боюнча
Автобусту алып бараткан катуу шамалдын видеосу. Индиядагы окуя
Суу каптаганы аз келгенсип, эми куюн кууратты. Казакстандагы окуянын видеосу