Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кудайбергенов: окшош тойлордон эл тажады

© Фото / Cinemart ProductionИнтервью с комиком Борончу Кудайбергеновым
Интервью с комиком Борончу Кудайбергеновым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куудул, тамада Борончу Кудайбергенов ичкиликсиз тойлор тынч өтөрүн айтты.
Кудайбергенов: окшош тойлордон эл тажады

Окшош тойлордон эл тажады. Бул тууралуу Борончу Кудайбергенов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жада калса келген коноктордун каалоо-тилеги да бири-бирине окшош. Баш кошуп жаткан эки жаш "алдыңды бала, аркаңды мал бассын" деген сөздү 20 жолу угат.

"Азыр тойлордун баары эле окшош. Өзгөчө өткөн тойлор өтө аз санда. Жакшылыкка негизи бата берүү үчүн келишет. Бирок, батаны да үйдөн жакшылап даярданып келип бериш керек. Мындан сырткары, үнү бары деле, жогу деле чыгып алып кыйкырып ырдай берет. Тойдо отургандар болсо аны мен чыгарып койгонсуп жаман көрүшөт. Той ээлери да атайын алыстан келди эле деп микрофон берип коюшат", — деди тамада.

Ал тойдо чет элдин каада-салтын туурабастан, кыргыздын салт-санаасын жандандыруу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0