Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мукарамов: Акырындап чалуулардын баары интернет аркылуу жүргүзүлөт

© Sputnik / Асел АкматалиеваУюлдук компаниянын программалар менен иштөө менеджери Медербек Мукарамов
Уюлдук компаниянын программалар менен иштөө менеджери Медербек Мукарамов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюлдук компаниянын программалар менен иштөө менеджери Медербек Мукарамов соңку бир жарым жылда интернет колдонуучулардын саны 5 эсеге өскөндүгүн айтты
Мукарамов: Акырындап чалуулардын баары интернет аркылуу жүргүзүлөт

Акырындап чалуулардын баары интернет аркылуу жүргүзүлүп калат. Бул тууралуу Медербек Мукарамов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, уюлдук операторлордо чалуулар, SMS, MMS бизнеси кескин төмөндөп жатат.

"Азыркы кезде Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнөдө чалуу кызматтары азайып баратат. Келечекте уюлдук операторлор өздөрү чыгарган тиркемелер менен чалуулардын баары интернет аркылуу болуп калат", — деди менеджер.

Ал мамлекет жыштыктарды көбөйтсө интернеттин сапаты жогурулай тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0