Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Оморов: электр энергиясына болгон бааны көтөрүү үчүн даярдыктар көрүлүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель председателя ГКПЭН Азамат Оморов
Заместитель председателя ГКПЭН Азамат Оморов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оморов электр энергиясынын тарифин жогорулатуу боюнча өкмөткө сунуш даярдалып жаткандыгын айтты
Оморов: электр энергияга болгон баа көтөрүлөт

Электр энергияга болгон баа көтөрүлөт. Бул тууралуу Азамат Оморов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул кадамдар электр жабдыктарын жаңылоо максатында жасалат.

"Тарифти көтөрүү боюнча сунуш учурда даярдалууда. Өкмөткө быйылкы жылдын ичинде сунушталат. Акырындык менен электр энергиясынын баасы кымбаттайт. Бул 5-6 жылдын ичинде ишке ашат. Анткени биз жылдан жылга дефицит менен жылдык отчетту жаап жатабыз. Баанын көтөрүлүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш", — деди Оморов.

Ал ошондой эле бул багытта калк арасында түшүндүрүү, маалымдоо иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0