Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Баатырбеков: ушул күнгө чейин Нарын районунун стационардык ооруканасы жок

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Алмазбек Баатырбеков
Депутат Алмазбек Баатырбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКнын депутаты Алмазбек Баатырбеков Нарын районундагы калк облустук ооруканага барып дарыланып келерин айтты
Баатырбеков: ушул күнгө чейин Нарын районунун стационардык ооруканасы жок

Нарын шаарынын жана Нарын районунун стационардык ооруканасы жок болгондуктан тургундар облустук ооруканага барганда багыттамасы жок кыйналып жатат. Бул тууралуу Алмазбек Баатырбеков ЖКнын жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, райондун өзүнө стационардык оорукана куруу маселеси союз мезгилинде көтөрүлгөн боюнча карала элек.

"Нарынга болгон сапарымда тургундар райондук стационардык ооруканалардын жоктугу бир топ кыйынчылык жаратып жатканын айтышты. Облустук оорукана бир эле учурда Нарын шаарынын тургундарын жана чет-жакадан келгендерди дарылагандыктан, райондон келгендер багыттамасы жок болгондугу үчүн кезек күтүп кыйналууда", — деди депутат.

Ал Нарын облусунда жалпы 280 миң, ал эми Нарын районунда 50 миңден ашык жашоочу бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0