Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Орозова: Асылбек Жээнбеков КСДПдан чыкпайт

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат от фракции СДПК Карамат Орозова
Депутат от фракции СДПК Карамат Орозова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова КСДП фракциясы бөлүнбөй тургандыгын айтты
Орозова: Асылбек Жээнбеков КСДПдан чыкпайт

Жогорку Кеңештин депутаты, экс-спикер Асылбек Жээнбеков КСДПдан чыкпайт. Бул тууралуу Карамат Орозова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

"Асылбек Шарипович фракциянын жыйындарына келип катышып жатат. Ал фракция мүчөсүнөн чыккан жок. Менин жеке пикиримде Жээнбеков КСДПдан чыкпайт", — деди депутат.

Орозова Асылбек Жээнбековдун өзүнчө партия түзөр-түзбөсү тууралуу кабары жок экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, 31-мартта Бишкекте КСДП партиясынын съезди өтүп, экс-президент Алмазбек Атамбаев Асылбек Жээнбековду сыйлай турганын, бирок анын депутаттыгы президент Сооронбай Жээнбековго эртеби-кечпи залакасын тийгизерин айтып, мандатын тапшырышы керек деген.

Жаңылыктар түрмөгү
0