Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Токталиев: каалоочулар Бишкектен Египетке түз учуп, визасыз эс ала алат

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель правления Ассоциации туризма КР Талант Токталиев
Председатель правления Ассоциации туризма КР Талант Токталиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туризм ассоциациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Талант Токталиев 2017-жылы туризм тармагында бир топ алгылыктуу иштер жасалганын айтты
Токталиев: каалоочулар Бишкектен Египетке түз учуп, визасыз эс ала алат

Эми каалоочулар Бишкектен Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарына түз учуп, визасыз эс ала алышат. Виза учуп барган соң дароо аэропорттон коюлат. Бул тууралуу Талант Токталиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Таиландга да ушундай эле туристтик авиакаттам ачылып, Бишкектен Пхукетке барып конот.

"Түз каттамдардын ачылуусу менен жол акынын баасы да 300-400долларга чейин арзандады. Ушундай эле чартердик учактар Туркиянын Анталья шаарына да бар. Каттамдар жумасына эки жолудан аткарылат. 2018-2019-жылдар аралыгы Вьетнамга түз каттам ачуу каралууда", — деди Токталиев.

Ал учурда Таиландга виза маселесин жеңилдетүү аракеттери жасалып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0