Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жусупбекова: бала бакчалар электрондук тейлөө системасына өтүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова бала бакчалардын санын көбөйтүүгө аракеттер жүрүп жатканын айтты
Жусупбекова: бала бакчалар электрондук тейлөө системасына өтүүдө

Бала бакчалар электрондук тейлөө системасына өтүүдө. Бул тууралуу Надира Жусупбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, программа өкмөттүн "40 кадам" улуттук өнүктүрүү долбоорунун алкагында жүрүүдө.

"Учурда сынамык мретинде Бишкек шаарынан баштадык. Ата-энелер http://balabakcha.edu.gov.kg сайты аркылуу кезек мөөнөтүн өздөрү көзөмөлдөп турса болот. Эми мурдагыдай акча берип кезегин жылдырып коюу аракеттери болбойт. 2020-жылга чейин электрондук тейлөөгө өлкө аймагындагы бардык бала бакчалар өтөт", — деди Жусупбекова.

Ал жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчалар кайрадан мамлекетке кайтарылып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0