Өкмөткө караштуу Жаштар иши жана спорт комитетинин улуттук спорт түрлөрү бөлүмүнүн жетекчиси Токсонбай Асанов

Асанов: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын аброю олимпиададан кийинки эле орунда

111
(жаңыланган 13:29 17.04.2018)
Өкмөткө караштуу Жаштар иши жана спорт комитетинин улуттук спорт түрлөрү бөлүмүнүн жетекчиси Токсонбай Асанов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңишке жеткен спортчуларга стипендия төлөнөрүн билдирди.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын аброю олимпиададан кийинки эле орунда турат. Бул тууралуу Токсонбай Асанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, жеңишке жеткендер спорттук даражаларга ээ болушат.

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн бардык спортчуларыбызга шарттар түзүлүп берилет. Тиешелүү федерациялар тандоодон соң спортчуну каерде, кандай шартта машыктыруу керектигин айтышат, ошого жараша машыгуу жайын камсыздап беребиз. Жеңүүчүлөр стипендия гана алып тим болбостон, эл аралык деңгээлдеги спорттук даражаларга да ээ болушат", — деди Асанов.

Ал учурда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга спортчулар арасында тандоо жүрүп жатканын, тандоолор июль айында жыйынтыкталып, машыгуулар башталаарын кошумчалады.

Эскерте кетсек III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үстүбүздөгү жылдын 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өтөт.

111
Белгилер:
улуттук оюндар, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Токсонбай Асанов
Тема:
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (27)
Тема боюнча
Абдесова: быйылкы Көчмөндөр оюнуна бюджеттен 306 миллион сом бөлүнөт
Көчмөндөр оюнун өткөрүүгө 15 өлкөдөн келген ыктыярчылар жардам берет
Пикирлер