Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сарыгулов: химикат кошулган азыктар сөөгүбүздү, каныбызды начарлатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Bio KG" органикалык аймак долбоорунун координатору Султан Сарыгулов
Bio KG органикалык аймак долбоорунун координатору Султан Сарыгулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Bio KG" органикалык аймак долбоорунун координатору Султан Сарыгулов химикат кошулган азыктар адамдын ден соолугуна абдан чоң зыян келтирип жаткандыгын айтты
Сарыгулов: химикат кошулган азыктар сөөгүбүздү, каныбызды начарлатат

Химикат кошулган азыктар адамдын сөөгүн, канын начарлатат. Бул тууралуу Султан Сарыгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул маселеге каршы иш-аракеттер көрүлбөсө, калк эң биринчи байлыгы болгон ден соолугунан ажырап калышы мүмкүн.

"Кыргызстан жада калса эт менен өзүн өзү камсыз кыла албайт. Аз пайызда гана картошка эгилип, кайра өзүбүздүн элге сатылып келет. Ал эми калган азыктардын баары чет мамлекеттен, болгондо да ар кандай химикаттар кошулуп жасалган азыктар келип, аны биз сатып алуудабыз. Алар адамдын ден соолугу үчүн кооптуу. Анткени мындай азыктар кишинин сөөгүн, канын, иммунитетин алсыздатып, ооруга туруксуз абалды жаратууда", — деди Сарыгулов.

Ал Кытайдан келген тамак-аш продукцияларын эл аргасыздан сатып алып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0