Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдылдаева: эми окуучуларга ысык тамак бериле баштайт

© Sputnik / Табылды КадырбековВедущий специалист Министерства образования и науки Гульшан Абдылдаева
Ведущий специалист Министерства образования и науки Гульшан Абдылдаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева мектептерде уюштурулган ысык чай берүү менен окубай калган балдарды кайрадан сабакка тартуу мүмкүн болгонун билдирди
Абдылдаева: эми окуучуларга ысык тамак бериле баштайт

Эми окуучуларга ысык тамак бериле баштайт. Бул тууралуу Гүлшан Абдылдаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, балдарга бир маал ысык тамак берүү саламаттык сактоо министрлиги тарабынан сунушталган. Берилчү тамактар витаминдештирилет.

"Айрым мектептер өз чарбасынын эсебинен эле окуучуларын тамак менен камсыздап жатат. Мындай кадамдар ата-энелер тарабынан да жылуу кабыл алынууда. Анткени мектеп чарбасын уюштуруу балдарды эмгекке, сергек жашоого үндөйт. Келерки окуу жылынан тартып бардык мектептерге да ысык чай ордуна ысык тамак бериле баштайт", — деди Абдылдаева.

Ал балдардын ысык тамагына ата-энелерден каражат чогултулбай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0