Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кубанычбек уулу: бизде мейманканалар каалаган жылдызын өзү коюп алат

© Sputnik / Табылды КадырбековСопредседатель предприятия "Отель менеджмента" Асхат Кубанычбек уулу
Сопредседатель предприятия Отель менеджмента Асхат Кубанычбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Отель менеджменти" ишканасынын тең төрагасы Асхат Кубанычбек уулу Кыргызстанда мейманкана бизнеси эми гана жолго коюлуп келатканын айтты.
Кубанычбек уулу: бизде мейманканалар каалаган жылдызын өзү коюп алат

Бизде мейманканалар каалаган жылдызын өздөрү коюп алат. Бул тууралуу Асхат Кубанычбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, мейманканалардын статусун аныктоочу мамлекет тарабынан эч кандай тиешелүү орган жок.

"Тарыхты алып карасак мейманканалар бири-биринен айырмалануу үчүн жылдыздарды коюшса, кийинчерээк ал анын тейлөө деңгээлинен кабар берип калган. Чет мамлекеттерде беш жылдыздуу отель болуу үчүн 700 талапка жооп берүүсү зарыл. Ал эми бизде мейманканалар эч кандай деңгээлге карабай эле, өздөрү каалаган жылдызын коюп алып, иштеп келет. Учурда бул багытта мыйзам долбоору сунушталып жатыптыр. Ал ишке кирсе, тейлөөсүнө жараша мамлекет тарабынан сапаты аныкталып калат", — деди Кубанычбек уулу.

Ал Бишкек шаарындагы мейманканалар үч, төрт жылдыздуу отелдердин талабына жооп берерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0