Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдесова: Көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү башка өлкөлөргө берүүгө даярбыз

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштуруу катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштуруу катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштуруу катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова оюнду өткөрүү тартиптери жазылган соң гана башка өлкөгө берилерин айтты.
Абдесова: Көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү башка өлкөлөргө берүүгө даярбыз

Кийинки Көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү башка өлкөлөргө берүүгө даярбыз. Бул тууралуу Айжан Абдесова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө кызыккан өлкөлөр буга чейин аталган демилгени көтөрүп келишкен.

"Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүп алсак, анан Олимпиада сыяктуу кийинки оюндарды башка мамлекетке бергенге даярбыз. Негизи 2012-жылы Кыргызстан, Казакстан, Түркия, анан Азербайжан катышкан келишим түзүлгөн болчу. Буюрса быйылкы Көчмөндөр оюндарынан кийин жакшы жаңылык болот", — деди Абдесова.

Эскерте кетсек, эл аралык оюндар үстүбүздөгү жылдын 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0