Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сулайманов: 5-кабаттан секирген аялдын ким экени такталбай жатат

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш облустук клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Шайырбек Сулайманов
Ош облустук клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Шайырбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облустук клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Шайырбек Сулайманов тилсиз жоодон жалпы жабыркаган 6 киши ооруканага келгенин айтты.
Сулайманов: 5-кабаттан секирген аялдын ким экени такталбай жатат

Ошто чыккан өрттөн улам 5-кабаттан секирген аял өзүнө келе элек, азырынча тууган-уругу жөнүндө маалымат жок. Бул тууралуу Шайырбек Сулайманов журналисттерге маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаракат алган аял болжол менен 30 жашта.

"Бизге өрт кырсыгынан улам жалпы 6 киши кайрылды. Алардын бири 5-кабаттан секирген 30 жаштар чамасындагы аялдын туугандары тууралуу маалымат жок болуп жатат. Керектүү бардык жардамдар көрсөтүлдү. Бирок дагы деле өзүнө келе элек", — деди башкы врач.

Ал 6 кишинин арасынан 2 бейтаптын абалы оор экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0