Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жээнбеков: өкмөт мүчөлөрү, берген антыңарга бекем болгула

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрисяга членов правительства КР во главе с Мухаммедкалыем Абылгазиевым
Присяга членов правительства КР во главе с Мухаммедкалыем Абылгазиевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков ант берген өкмөт мүчөлөрүнө анттын тузу да, жүгү да оор болорун айтты
Жээнбеков: өкмөт мүчөлөрү, берген антыңарга бекем болгула

Өкмөт мүчөлөрү, берген антыңарга бекем болгула. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт мүчөлөрү парламентте ант бергенден кийин сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, өкмөттүн жаңы курамы шаршемби күнүн парламентте ант берди.

"Ант берүүнүн мааниси бул жакка чыгып текст окуп берип коюу эмес. Антты элибиз эзелтеден ыйык тутуп келген. Анттын маңызын, анын жоопкерчилигине, улуулугуна абдан маани берген. Анттын касиетине өзгөчө баа берген. Адамдын оозунан ант чыкканда, жараткандын кулагы ачылат дейт. Ант — бул ыйык нерсе, тузу да, жүгү да оор. Ошону көтөрө белишиңер керек", — деди президент.

Жээнбеков жаңы өкмөттүн эл алдындагы жоопкерчилиги эбегейсиз зор экенин белгилеп, өкмөт мүчөлөрүнө ден соолук жана ишине ийгилик каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0