Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дооранов: кыздарга четке чыгууга тыюу салуудан мурун өздөрүнөн сураш керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыздар федерациясы" коомдук уюмунун өкүлү Мырзабай Дооранов
Кыздар федерациясы коомдук уюмунун өкүлү Мырзабай Дооранов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыздар федерациясы" коомдук уюмунун өкүлү Мырзабай Дооранов кыздардын маселесин чечүүдө өлкөнүн ичинде кордолуп жаткандары тууралуу да унутпоо керектигин айтты
Дооранов: кыздарга четке чыгууга тыюу салуудан мурун өздөрүнөн сураш керек

Кыздарга четке чыгууга тыюу салуудан мурда алардын өзүнөн сураш керек. Мындай пикирин Мырзбай Дооранов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда кыздардын укуктук маселесин чеччүлөр көбөйүп кетти. Бул алардын укугун тебелейт.

"Кыздардын өзү менен жолугушууларды өткөрүп, алардын пикирин, каалоосун угуп, анан чечсек. Атайын бирикмелер, уюмдар, юридикалык органдар бар. Алар менен иш алпарыш керек. Бардык нерсе мыйзамдын чегинде болуусу шарт. Биз четке чыгарбай коюудан мурда, мындагы кыздардын да укуктук, социалдык маселесин чечип албайлыбы", — деди Дооранов.

Ал 26 жашка чейинки кыздардын чет мамлекетке иштеп келүүгө чыгуусуна тыюу салуу өлкөнүн экономикасына да олуттуу таасирин тийгизерин кошумчалады.

Эске салсак, 2013-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан 22 жашка чейинки кыздардын иштеп келүү максатында башка мамлекетке чыгуусуна тыюу салган токтом кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0