Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Токтошев: акыркы 10 жылда Кызыл китепке кирген жаныбарлар үч эсе азайган

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Эмил Токтошев
Ата Мекен фракциясынын депутаты Эмил Токтошев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Эмил Токтошев баалуу жаныбарларга аңчылык кылууга тез арада тыюу салуу зарылдыгын айтты.
Токтошев: акыркы 10 жылда Кызыл китепке кирген жаныбарлар үч эсе азайган

Акыркы 10 жылда Кызыл китепке кирген жаныбарлардын саны үч эсеге азайган. Мындай пикирин Эмил Токтошев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, буга Жаратылышты коргоо департаменти түздөн-түз күнөөлүү.

"Бизде аңчылыкка уруксат берип иштеген 48 фирма болсо, анын көпчүлүгү тиешелүү департамент кызматкерлерине таандык. Алар жаратылышты коргобой эле атууга лицензия берип отурушат. Биз Кызыл китепке кирген жаныбарларды коргоо максатында мыйзам долбоорун сунуштап, тилекке каршы, бир аз гана добуш жетпей, өтпөй калган", — деди Токтошев.

Ал аңчылыкка мораторий киргизүү боюнча мыйзам долбоорго толуктоолорду киргизип, кайрадан сунуштай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0