Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дооранов: четке чыгып ийгилик жараткан кыздарыбыз деле бар

© Sputnik / Табылды КадырбековПредставитель общественного фонда "Федерация девушкек" Мырзабай Дооранов
Представитель общественного фонда Федерация девушкек Мырзабай Дооранов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыздар федерациясы" коомдук уюмунун өкүлү Мырзабай Дооранов четке чыккан кыздардын баары эле кыйналып жатат деген пикир туура эмес дейт.
Дооранов: четке чыгып ийгилик жараткан кыздарыбыз деле бар

Четке чыгып ийгилик жараткан кыздарыбыз деле бар. Бул тууралуу Мырзабай Дооранов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске салсак, демилгечи топ 26 жашка толо элек кыздардын чет өлкөгө мигрант болуп чыгуусуна тыюу салууну сунуштап жатат.

"Кыздарга күйгөн жакшы. Бирок учурда 40-50гө чыгып деле көчөдө туура эмес жүргөн айымдар да бар. Андайды көпчүлүк көрүп жатат. Андыктан 26 жашка чыкса эле акылы толуп, укугун билип калат дегенге кошулбайм. Негизи сыртка чыккан кыздардын баары эле кыйналып жатат деген туура эмес. Өзүнүн бизнесин ачып, ишкерликти алып кеткен айымдарыбыз да бар", — деди Дооранов.

Эске салсак, 2013-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан 22 жашка чейинки кыздардын иштеп келүү максатында башка мамлекетке чыгуусуна тыюу салган токтом кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0