Диджей Элмара Турсуналиева

Турсуналиева: көчөдөн токтотуп алып "эфирден кет" деп урушкандар болгон

342
(жаңыланган 15:00 08.05.2018)
Диджей Элмара Турсуналиева алып баруучулук кесиптин да түрлөрү көп экенин билдирди.
Турсуналиева: көчөдөн токтотуп алып "эфирден кет" деп урушкандар болгон

Көчөдөн токтотуп алып "эфирден кет" деп урушкандар болгон. Ал кезде эфирге эркин форматта чыгуу бизге келе элек болчу. Бул тууралуу Элмара Турсуналиева Sputnik Кыргызстан радиосуна 7-май радио күнүнө арналган таңкы эфирде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ал жаңыдан эфирге чыгып жүргөнүндө эркин алып баруу манерасын жактырбай сындагандар абдан көп болгон.

"Алгачкы ирет 1994-жылы эфирге чыктым. Мага Ксения Стриждин алып баруусу абдан жакчу. Бир чети андан таасирленип, экинчиден өз кулк-мүнөзүмө салып эркин алып баруу форматында сүйлөйт элем. Мени эфирден угуп калган режиссер Расул Осмонов кыргыз радиосуна чакырган. Ошондон тартып "бул эмне деген алып баруу", "көчө стили" деген ачуу сындарды көп эле уктум. Ал тургай бир канча жолу кесибимди таштап кетейин деген да ойлор болгон", — деди Турсуналиева.

Ал учурда эркин алып баруу стили Кыргызстанда кенен жайылганына кубанаарын кошумчалады.

Эскерте кетчү жагдай, респонденттин пикири редакциянын көз карашына дал келбеши мүмкүн.

342
Белгилер:
радио, Элмара Турсуналиева
Тема боюнча
Жумабаев: журналисттердин социалдык маселесин чечүү керек
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков

Талантбеков: "Манастагы" белгисиз сөз Кытайдагы көлдүн аталышы болуп чыкты

271
(жаңыланган 15:46 09.08.2020)
Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаев сыяктуу залкар манасчылар кытай тилин билбесе да айрым жагдайларды так айтканына таң каларын билдирди.
Талантбеков: "Манастагы" белгисиз сөз Кытайдагы көлдүн аталышы болуп чыкты

"Манас" эпосунан кезиктирген сөздү изилдесек, ал Кытайдагы көлдүн аталышы экен. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.

Анын айтымында, бул изилдөөлөр интернет аркылуу жүргүзүлүп, натыйжасы социалдык тармактарга жарыяланган.

Талантбеков: "Манас" эпосунда чачтарач, сулуулук салонду "сүзгөр" дейт

"Эпосто "Шыта-Кечүү, Таш-Кечүү, Алмамбет кечкен маш кечүү" деген сап бар. Мында таш кечүү дегени түшүнүктүү. Ал эми "шыта" деген эмнени түшүндүрөрү белгисиз болуп келген. Көрсө, кытайча "шы тау" деген сөз таштак көл, таштак деңиз дегенди түшүндүрөт экен. "Гугл" картадан кытайча "шы тау" деген сөздү киргизип көрүп, Тайванда жана Бээжинде ушундай аталыштагы таштактуу көлдөр бар экени аныкталган. Муну интернет аркылуу изилдеп, кийин социалдык тармактарга жарыялаганбыз. Улуу манасчылар Саякбай, Сагынбай аталар кытайчаны билбей, ал жерлерди көрбөй туруп кантип айткан таң калыштуу. Муну менен манасчылар даанышман, кыраакы, көсөм болгонун аңдай алабыз", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал "Манаста" окумуштуулар, филологдор тарабынан изилдене элек сөздөр абдан көп экенин кошумчалады.

271
Белгилер:
интернет, Манас, сөз, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Талантбеков: "сүт мал" деген үстөккө берилген пайданы түшүндүрөт
Дарыгер-эпидемиолог Бактыгүл Ыбышева

Ыбышева: дезинфекция иштерин адамдар жок учурда жүргүзүү зарыл

32
(жаңыланган 11:59 09.08.2020)
Дарыгер-эпидемиолог Бактыгүл Ыбышева жөнөкөй жарандар хлорду колдонууда коргонуу боюнча бардык талаптарды аткаруусу зарылдыгын белгиледи.
Ыбышева: дезинфекция иштерин адамдар жок учурда жүргүзүү зарыл

Хлор — вирус, бактерияга каршы натыйжалуу каражаттардын бири. Эгер аны тийиштүү концентрацияда суу менен аралаштырса, зыяны тийбейт. Ошентсе дагы дезинфекция иштерин адамдар жок учурда жүргүзүү зарыл. Бул тууралуу Бактыгүл Ыбышева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, вирустарды жок кылуу үчүн хлордон башка деле каражаттар бар жана аларды деле колдонууга болот.

КРде дезинфекциядан кийин пневмонияга кабылгандардын саны өстүбү? ӨКМдин жообу

"Хлор — бактерияларды, вирустарды зыянсыздандырууда эффективдүү каражаттардын бири. Ошол эле коронавируска каршы натыйжалуу зат. А бирок анын уулуулугу жогору экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Ошондуктан хлор менен иштей турган кызматкерлерге сөзсүз түрдө коргонуучу каражаттар менен иштөө сунушталат. Ал үчүн бет каптар, кол каптар бар. Болбосо ар кандай курч түрдөгү ууланууга, аллергиялык реакцияларга, ден соолуктун, иммунитеттин начарлашына алып келиши ыктымал. А бирок дезинфекция иштерин жүргүзүүдө адистер тарабынан хлор тийиштүү концентрацияда сууга аралаштырылып, анан чачылат. Эгерде туура стандарттарга ылайыкталса, ал өзүнүн терс таасирин тийгизбейт. Ошентсе дагы залалсыздандырууну киши жок учурда жүргүзүү зарыл. Анткени адамдардын арасында өнөкөт оорусу барлар же аллергия менен жабыркагандар кездешиши мүмкүн", — деди Ыбышева.

Адис хлор пневмонияга алып келет деген пикир чындыкка дал келбей турганын кошумчалады.

32
Белгилер:
коронавирус, дезинфекция, хлор, Бактыгүл Ыбышева
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Пневмониянын жайылышына дезинфекциялоо иштери себеппи? Адистердин пикири
Тоодогу альпинист. Архив

Ленин чокусу СССРден берки таштандыдан арылып жатат. Сүрөт

0
(жаңыланган 10:43 10.08.2020)
Тоонун бийиктигин эске алуу менен таштандыдан тазалоо иши бир гана кесипкөй альпинисттердин катышуусунда ишке ашып жатканы белгиленди.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Учурда Ленин чокусун таштандыдан арылтуу боюнча акция жүрүп жатат. 8-августта башталган иш 25-августта жыйынтыктала турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Билдирмеде 2018-2019-жылдары КРдин альпинисттик клубу жана Нэпиер Эдинбург университети (UK) изилдөө жүргүзүп, Ленин чокусунда экологиялык кырдаал оор деп бааланганы айтылат.

"Альпинисттик туризмдин натыйжасында Ленин чокусунда совет мезгилинен бери абдан көп таштанды чогулган. Тоо бийик болгондуктан (3600-6300 метр) аны тазалоо бир гана кесипкөй альпинисттердин катышуусунда ишке ашып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Акция Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти тарабынан демилгеленип, Швейцария өкмөтүнүн, Евросоюз, Хельветас Кыргызстан, "Ага Хан" фонду жана ПРООНдун финансылык колдоосу менен өтүүдө.

Үч өлкөнүн аскердик альпинисттери Ленин чокусун багындырышты. Сүрөт

Донорлор тарабынан иш-чарага 17 620 АКШ доллары бөлүнгөн. Бул каражат альпинист-гиддерди тамактандырууга, жатаканасына жана алардын кызмат акысын төлөөгө, чогултулган таштандыны Ленин чокусунан Дароот-Коргон айылындагы таштанды полигонуна чыгарууга, ошондой эле бет кап, кол кап жана башка керектүү жабдыктарга жумшалат.

Ленин чокусу Кыргызстан менен Тажикстандын арасындагы Чоң Алай кырка тоосунун борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Бийиктиги 7 134 метрди түзөт. Бул чоку 1934-жылы багындырылган.

0
Белгилер:
тазалоо, таштанды, тоо, Ленин чокусу, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандагы эң бийик жети чоку