Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жамгырчиева: кыргызча 24 саат сүйлөгөн радио болору түшүбүзгө да кирчү эмес

© Фото / Оймок-Арт студия / Адиль РашидовРадио журналист Назгул Жамгырчиева
Радио журналист Назгул Жамгырчиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Радио журналист Назгүл Жамгырчиева кыргыз тилдүү радиолордун көбөйүүсү эне тилибизге чоң салым кошорун билдирди.
Жамгырчиева: кыргызча 24 саат сүйлөгөн радио болору түшүбүзгө да кирчү эмес

24 саат кыргызча сүйлөгөн радио болору түшүбүзгө да кирчү эмес. Эгемендүүлүк алгандан кийин деле радиодон кыргызча уктуруу укса болорун элестете алчу эмеспиз. Мындай пикирин Назгүл Жамгырчиева Sputnik Кыргызстан радиосуна 7-май радио күнүнө арналган таңкы эфирде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыз радиосу 1930-жылдардан баштап обого чыкканы менен уктуруулар дээрлик орус тилинде болчу.

"Кыргыз тилдүү радиолор чыгып, Бек Борбиев, Сыймык Бейшекеев деген ырчылардын ырлары бериле баштады. Радиодон кыргыз тилинде алып баруучу эркин сүйлөп, кыргызча ырларды укса болот турбайбы деген түшүнүктөргө биз 95-жылдары келдик. Ага чейин Кыргыз радиосу кыска гана убакытка кыргызча музыка коюп же уктуруу бергени болбосо, программалар орус тилинде боло турган", — деди Жамгырчиева.

Ал кыргыз тилдүү радиолор бардык тарабынан дүйнөлүк стандарттарда иштеп жатканы кыска убакытта жасалган чоң секирик экенин кошумчалады.

Эскерте кетчү жагдай, респонденттин пикири редакциянын көз карашына дал келбей калышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0