Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шакирова: козунун маараганын жаздыра албай убара болушуптур

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Гүлжамийла Шакирова
Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Гүлжамийла Шакирова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Гүлжамийла Шакирова радио журналист болуу үчүн 5-6 жыл жөн гана радиого каттап, үйрөнүп жүргөнүн айтып берди.
Шакирова: козунун маараганын жаздыра албай убара болушуптур

Бүгүнкү күндө радиодо иштөө абдан жеңил. Мындай пикирин Гүлжамийла Шакирова Sputnik Кыргызстан радиосуна 7-май радио күнүнө арналган таңкы эфирде маек куруп жатып билдирди.

"Биз жаш кезде түз эфирге чыгуу абдан олуттуу эле. 15 мүнөттүк эфирди кантип алып барам деп, 2-3 күн мурда даярдана баштачубуз. Диктофондорубуз 12 килограмм, аны көтөрүп алып интервьюга чыкчубуз. Ошондо да ушундай техникабыздын бар экенине кубанчубуз. Анткени бизге чейинки журналисттер, мисалы, кой төлдөгөн убакта радио берүү жасаш үчүн козулардын маараганын жаздыра албай кыйналышкан экен", — деди Шакирова.

Ал ошондой эле радио журналист болуу анын бала кезден берки кыялы болгонун кошумчалады.

Эскерте кетчү жагдай, респонденттин пикири редакциянын көз карашына дал келбей калышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0