Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жанжигит уулу: көптөр Жаш көрүүчүлөр театрынын дарегин билишпейт

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Бакен Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчиси Жолдошбек Жанжигит уулу
Бакен Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчиси Жолдошбек Жанжигит уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бакен Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчиси Жолдошбек Жанжигит уулу айрымдар театрды футбол аянтчасы аркылуу таап барарын айтты.
Жанжигит уулу: көптөр Жаш көрүүчүлөр театрынын дарегин билишпейт

Көптөр Жаш көрүүчүлөр театрынын дарегин билишпейт. Бул тууралуу Жолдошбек Жанжигит уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анткен менен театр директору акыркы жылдары көрүүчүлөр көбөйүп жаткандыгын баса белгиледи.

"Ачыгын айтканда Бакен Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрына чакырсак көпчүлүгү дарегин билишпейт. Анан жаныбыздагы футбол аянтчасын айтсак дароо билип, ошонун жардамы менен гана таап келишет. Ушундан улам жарнамаларды берип, жолду көрсөтүп жатабыз", — деди ал.

Актер театрга көбүнесе окуучулар менен студенттер келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0