Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эргешов: Орозонун негизги максаты — тамакты тыюу эмес, өзүн-өзү тарбиялоо

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель муфтия и глава Временного республиканского штаба по организации хаджа Акимжан Эргешов
Заместитель муфтия и глава Временного республиканского штаба по организации хаджа Акимжан Эргешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов орозо кармоонун ден соолукка пайдасы чоң экенин билдирди.
Эргешов: Орозонун негизги максаты — тамакты тыюу эмес, өзүн-өзү тарбиялоо

Орозонун негизги максаты тамакты тыюу гана эмес, өзүн-өзү тарбиялоо дагы. Адам жаман адаттарынан арылбай туруп, белгилүү убакыт аралыгында тамак жебей коюу менен орозо туттум деп эсептегени туура болбойт. Бул тууралуу Акимжан Эргешов Sputnik Кыргызстан радиосунда 14-май күнкү таңкы эфиринде орозо эрежелери тууралуу маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, рамазан айында орозо кармоо ар бир мусулмандын милдети, бирок ден соолугуна байланыштуу дарыгерлердин кеңеши менен орозо тутпай коюуга уруксат.

"Орозо кармоодо ар бир адам алгач жаман сөз айтуудан, бирөөнүн көңүлүн оорутуп алуудан сак болуусу кажет. Бир ай орозо кармоо менен биз ден соолугубузду топтолгон керексиз заттардан тазалап алабыз. Андыктан ден соолукту чыңдайт деп айтсак жаңылышпайбыз. Ал бардык мусулмандарга парз болуп берилген, бирок эгер адам ооруп жатса, антибиотик дарыларын укол аркылуу ала турган болсо, орозо тута берсе болот. Ал эми азыктандыруучу витаминдерди ийне саюу жолу менен алганга туура келсе, анда болбойт ", — деди Эргешов.

Ал ошондой эле мусулмандар дининде ай календары менен эсептелгендиктен, айдын жаңыруусуна карап орозо 29 же 30 күнгө созуларын кошумчалады.

Эскерте кетчү жагдай, муфтият быйыл орозо 17-июнда башталарын айтып, Sputnik Кыргызстан агенттиги ооз ачуу жана ооз бекитүүнүн календарын жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0