Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дүйшөнбеков: кыргызстандыктар жаңы ачылган ресторандарга барганды жакшы көрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековРесторатор Аскар Дүйшөнбеков
Ресторатор Аскар Дүйшөнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ресторатор Аскар Дүйшөнбеков өлкө аймагында дүйнөлүк стандарттарга жооп берген ресторан, кафелер 300дөн ашуун экенин айтты.
Дүйшөнбеков: кыргызстандыктар жаңы ачылган ресторандарга барганды жакшы көрөт

Кыргызстандыктар жаңы ачылган ресторанга барганды жакшы көрөт. Башка өлкөлөрдө бир жердин тамагы жагып калса, кардар он жыл бою деле ошол жерден тамактана берет, биздикилер андай эмес. Мындай пикирин Аскар Дүйшөнбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда Кыргызстандагы ресторан бизнесинин абалы тууралуу маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкө аймагында 1000ден ашуун коомдук тамактануучу жайлар болсо, алардын 600дөн ашууну борбор калаада жайгашкан.

"Коомдук тамактануучу жайлардын көбөйүүсү атаандаштыкты күчөтүп, жыйынтыгында акыркы жылдары тейлөө сапатына өзгөчө көңүл бурула баштады. Мисалы ресторандар кардарларын жоготуп албоо максатында имараттын сырткы келбетинен тартып, менюсуна чейин ар үч жылда жаңылап турушат. Ошондой эле ашпозчуларды тандоого да терең маани беришет. Ашпозчулукта окуган студенттер тажрыйба топтоого келгенде башкы ашпозчулар арасынан шыктууларын үйрөтүп, өз ресторанына алып калууга дилгирленишет ", — деди Дүйшөнбеков.

Ал ошондой эле кошуна мамлекеттер Өзбекстан, Тажикстандан да ашпозчуларды алып келип иштеткен кафе-ресторандардын көбөйүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0