Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Парханов: аймактардагы жаштарды колдоого акча бөлүнөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовӨкмөткө караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов
Өкмөткө караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөткө караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов эми акимдер жаштарга жакшылап көңүл бурарын айтты.
Парханов: аймактардагы жаштарды колдоого акча бөлүнөт

Аймактардагы жаштарды колдоого акча бөлүнөт. Бул тууралуу Мирлан Парханов Sputnik Кыргызстан радиосунда "Жаштарды колдоо" темасы боюнча маек куруп жатып билдири.

Анын айтымында, быйыл жаштарды колдоого өзгөчө көңүл бурулат.

"Акимдер, айыл өкмөт башчылары өз аймагындагы жаштар менен иштөө боюнча атайын программаларын бекитет. Анан ошонун алкагында алгылыктуу иштер жасала баштайт. Мындан сырткары, аталган программаларды ишке ашыруу үчүн атайын каражат бөлүнөт", — деди Парханов.

Ал аймактарды кыдырып, жаштар менен жолугушуулар уюштурулуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0