Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бообекова: чоң эне менен чоң ата небересине ата-энесинин мээримин бере албайт

© Sputnik / Табылды КадырбековАга окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова ар бир факультетке үй-бүлө психологиясы сабагы киргизилиши керектигин айтты.
Бообекова: чоң эне менен чоң ата небересине ата-энесинин мээримин бере албайт

Чоң апасы же чоң атасы небересине канча аракет кылса да өз ата-энесинин мээримин бере албайт. Бул тууралуу Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ата-энесинен бөлөк чоңойгон бала өзүн коргоосуз сезет.

"Чоң эне менен чоң ата баланы канчалык бөпөлөп бакпасын, ата-энесинин мээримин баары бир бере албайт. Анткени, алардын орду башка. Менин изилдөөм боюнча мигранттардын балдары эрте жетилип, көп түйшүк тартышат. Экинчиден, ата-энеси алыста жүргөн балдарда агрессия күчөйт. Алар ачуусун мектепте мушташып же башка туура эмес жолго түшүү менен чыгарууда. Мындан сырткары, ата-энеси менен чогуу жашаган балдар өзүн корголгон, ал эми ата-энеси чет жакта иштеп жүргөн балдар өзүн жалгыз, алсыз сезээри аныкталды", — деди Бообекова.

Ал өз изилдөөсүнүн негизинде башка туугандарынын колунда тарбияланган балага караганда, таене, таятасы, чоң эне, чоң атасы чоңойткон балдар аң-сезимдүү, психологиялык жактан туруктуу болоорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0