Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Азымбакиев: Кытай карызынын ордуна жерибизди алып коет деген туура эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековТышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин директору Муратбек Азымбакиев
Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин директору Муратбек Азымбакиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин директору Муратбек Азымбакиев Кытай кошуналар менен жакшы мамиле курууга кызыкдар экендигин айтты.
Азымбакиев: Кытай карызынын ордуна жерибизди алып коет деген туура эмес

Кытай карызынын ордуна жерлерибизди алып коет деген кеп туура эмес. Бул тууралуу Муратбек Азымбакиев Sputnik Кыргызстан радиосунда эл аралык мамилелер тууралуу айтып берип жатып билдирди.

Анын айтымында, бул кадамга эл аралык укук жол бербейт.

"Кытай карызынын ордуна жерлерибизди алып коет деген кеп туура эмес. Дүйнө жүзүндөгү эң күчтүү болгон АКШнын карызы ички дүң продукциясынан эки эсе көп. Алардын алдында биздин карыз эч нерсе болбой калат. Андыктан жакшылап ойлонуп көрсөк. Насыя алып жатканда тартиптер жазылган да, ошол боюнча эле төлөнүп берилет", — деди Азымбакиев.

Ал Кытай кошуналар менен жакшы мамиле курууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0