Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кудайбердиева: ата-эне жаш баланы тыя берсе тартынчаак болуп калат

© Sputnik / Эламан КарымшаковПсихолог-воспитатель Жылдыз Кудайбердиева
Психолог-воспитатель Жылдыз Кудайбердиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Психолог-тарбиячы Жылдыз Кудайбердиева жаш балага чоң адамдарга мамиле жасагандай кайрылуу керектигин айтты.
Кудайбердиева: ата-эне жаш баланы тыя берсе тартынчаак болуп калат

Жаш балага анын орду үй-бүлөдө чоң экенин сездирүү керек. Бул тууралуу Жылдыз Кудайбердиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ата-эне сөзсүз түрдө баланын оюн сурап турушу зарыл.

"Ата-эне ар дайым баласынын ою менен эсептешүүсү керек. Мындай учурда ал өзүн үй-бүлөдө керектүү, орду бар адам катары сезет. Ал эми "тынч отур, муну жасаба, аны жасаба" деген сыяктуу тыюулар баланы чектеп, тартынчаак кылып коет", — деди Кудайбердиева.

Ал ошондой эле кийим алып жатканда дагы баланын оюн эске алуу маанилүү экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0