Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери Айкөл Турганбаева

Турганбаева: сүйүнчү пул банк аркылуу гана берилет

279
(жаңыланган 14:12 17.05.2018)
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери Айкөл Турганбаева сүйүнчү пул бала төрөлгөндө анын ата-энесинин социалдык абалына карабай мамлекет тарабынан бир жолу берилчү 4000 сом акча экенин айтты.

Сүйүнчү пул банктар аркылуу гана берилет. Мындай кадамдар коррупцияны болтурбоо максатында жасалууда. Бул тууралуу Айкөл Турганбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде мамлекеттик жөлөк пулдар боюнча маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сүйүнчү пул долбоору балдардын төрөлгөндө дароо күбөлүк алуусун шарттайт. Анткени баланын күбөлүгү жок ал акча берилбейт.

"Сүйүнчү пул алуу үчүн эки гана документ талап кылынат. Бул ата-эненин паспорту жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү. Учурда аны төрөт үйүндө берсе же почта аркылуу которулса деген сунуштар түшүп жатат, бирок 4000 сом банк аркылуу гана берилет. Анткени айрым учурларда ата-энелер кубанганынан сүйүнчү пулдун жарымын эле аны алып келип берген адамга берип койгон учурлар кездешүүдө. Баланын жашоосундагы биринчи күндөрүндө аз да болсо керегине жарасын деген максатта атайын банктык эсеп аркылуу берилет", — деди Турганбаева.

Ал сүйүнчү пул алуу үчүн бала 6 айга толгончо документ тапшыруу керектигин кошумчалады.

279
Белгилер:
сүйүнчү, жөлөк пул, Айкөл Турганбаева
Тема боюнча
Жоктон көрө жогору! Канча киши сүйүнчү алып, дагы канчасы күтүп жатат
"Балага сүйүнчү" пулду 327 үй-бүлө алды
Пикирлер