Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Назаралиева: 10 жыл мурда кош бойлуу келиндер төрөтканага жалгыз келишчү

© Sputnik / Жоомарт УраимовУлуттук эне жана баланы коргоо борборунун төрөт бөлүмүнүн жетекчиси Салтанат Назаралиева
Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун төрөт бөлүмүнүн жетекчиси Салтанат Назаралиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун төрөт бөлүмүнүн жетекчиси Салтанат Назаралиева кош бойлуу келиндерге алардын жакындары тарабынан жакшы көңүл бурула баштаганын айтты.
Назаралиева: 10 жыл мурда кош бойлуу келиндер төрөтканага жалгыз келишчү

10 жыл мурда боюнда бар келиндер төрөтканага жалгыз келсе, бүгүнкү күндө жакындарынын коштоп келиши кубантарлык көрүнүш. Бул тууралуу Салтанат Назаралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кош бойлуу аялга эки эсе жакшы көңүл бурулушу керек.

"10 жыл мурда көпчүлүк кош бойлуу келиндер сумкасын сүйрөп, төрөтканага жалгыз келишчү. Азыр андай эмес. Жакын адамдары коштоп келип кубандырат", — деди Назаралиева.

Ал мындай көрүнүш ымыркай үчүн үйдө жакшы шарттар түзүлгөндүгүнөн кабар берерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0