Жалпы республикалык тестирлөө жана билимди баалоо, окутуу усулдарынын башкы адиси Мээрим Кадырова

Кадырова: ЖРТнын жыйынтыгына нааразы болгондор бизге кайрылса болот

142
(жаңыланган 17:44 05.07.2018)
Жалпы республикалык тестирлөө жана билимди баалоо, окутуу усулдар борборунун башкы адиси окуучуларды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдап жаткан жеке жактар менен тестирлөө борборунун эч кандай байланышы жок экендигин айтты.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгына нааразы болгондор бизге кайрылсын. Биз атайын чогулган комиссиянын жыйынынан соң жообун беребиз. Бул тууралуу Мээрим Кадырова жалпы республикалык тестирлөө тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, окуучу кокусунан калеми менен чийип алса же туура жоопту белгилеген төрт бурчтукту чоң кылып койсо да, сканер аны жооп катары эсептеп кетиши мүмкүн. Ошондуктан көңүл коюп, тыкан жазууга аракет кылуу керек.

"Балдар тест тапшырганы келгенде чөнтөк телефондорун үйгө эле калтырып келгендери туура же биздин администраторлорго өткөрүп берүүсү керек. Калем саптан башка эч нерсе тестке киргизилбейт. Ар бир сабакка берилген убакыттын чеги болот. Бир сабактан эрте бошоп калган окуучуга экинчи сабагына ашыкча убакыт кошулбайт. Эгер эрте бүтүп калса жөн гана башкаларды күтүп туруусу зарыл. Ошондой эле кенен маалыматтарды www.testing.kg сайтынан алышса болот", — деди Кадырова.

Ал ошондой эле тестирлөөдө акча алып упайын көбөйтүп бергенди сунуштагандар болсо же башка мыйзам бузууларды көргөндө 0 (312) 66-48-38 телефонуна чалып билдирүү керектигин кошумчалады.

142
Белгилер:
тестирлөө, билим берүү, Мээрим Кадырова
Тема боюнча
Министр окуучулардын кайсы сабактан начар болуп жатканын айтты
Пикирлер