Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков: соттук реформаны ишке ашыруу артыкчылыктуу багыт

57
(жаңыланган 13:36 18.05.2018)
Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков соттук реформа кечеңдеп жатканын айтты.

Соттук реформаны ишке ашыруу — жасалчу иштердин эң артыкчылыктуу багыты. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн өткөн Соттук реформа боюнча кеңештин I жыйынында айтты.

"Соттук реформаны жасоодо бир топ мыйзамдар кабыл алынды. Сотторду тандоо кеңеши түзүлүп, судьялардын курамын жаңылоо жүрүп жатат. Бирок реформанын темпи коомчулук күткөндөн кыйла жай жүрүп, тилекке каршы, кечеңдеп жатат. Ошондуктан соттук реформаны ишке ашыруу жана коррупция менен күрөшүү — өлкөдө жасалчу иштердин эң артыкчылыктуу багыты", — деди президент.

Жээнбеков соттук реформаны жасоого бардык мүмкүнчүлүк бар экендигин кошумчалады.

57
Белгилер:
сот, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Жээнбеков: сот болчулардын декларациясы менен адеп-ахлагын текшерүү керек
Жээнбеков сот системасына өзгөрүүлөрдү киргизүү туурасында айтты
Пикирлер