Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бегилерова: алимент төлөбөгөн ата-эне эркинен ажыратылат

© Sputnik / Табылды КадырбековКРнын адвокаттар кеңешинин мүчөсү, адвокат Мейил Бегилерова
КРнын адвокаттар кеңешинин мүчөсү, адвокат Мейил Бегилерова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРнын адвокаттар кеңешинин мүчөсү, адвокат Мейил Бегилерова балага алимент төлөөдө эгер жоопкер башка өлкөнүн жараны болсо, ошол өлкөнүн сотуна кайрылуу керектигин айтты.
Бегилерова: алимент төлөбөгөн ата-эне эркинен ажыратылат

Алимент төлөбөгөн ата-эне мыйзам чегинде эркинен ажыратылат. Ал үчүн баланы багып жаткан тарап сотко кайрылуусу керек. Бул тууралуу Мейил Бегилерова Sputnik Кыргызстан радиосундагы "Онлайн адвокат" рубрикасында угармандардан келген суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, алимент төлөөчүнүн айлык маянасынын бир балага 25 пайызы, эки же андан көп болсо 50 пайызы алынат.

"Жоопкер төлөөдөн качып башка мамлекетке чыгып кетсе, ал келгенде кайра чек арадан чыгарылбайт. Анда деле төлөбөй жүрө берсе эркинен ажыратылат. Мүлк бөлүштүрүүдө жубайлар үйлөнгөндөн кийин алынган нерсенин баары тең экиге бөлүнүшү керек. Эгер ал кыймылсыз мүлк болсо да экиге гана бөлүнөт, балдары мураскер болуп эсептелет. Ал эми жубайлар үйлөнгөндөн кийин белек катары берилген мүлк бөлүнбөйт. Ал кимге берилсе ошол тарапта толугу менен калат, " — деди Бегилерова.

Ал ошондой эле ата-энелерди балдарга убагында документ жасатууну, ажырашуулар болуп калганда көп наристелердин документ иштеринде болгон мүчүлүштүктөр балдарга кыйынчылыктарды жаратарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0