Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асангулова: кыргыз кийимине "форма" деген ат берген туура эмес

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоорунун жетекчиси Айдай Асангулова. Архив
Кийиз дүйнө — көчмөн руху долбоорунун жетекчиси Айдай Асангулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоорунун жетекчиси Айдай Асангулова улуттук баалуулуктарга кызыккан үч жаштагы кыздар бар экенин айтты
Асангулова: кыргыз кийимине "форма" деген ат берген туура эмес

Кыргыз кийимине "форма" деген ат берүү туура эмес. Бул тууралуу Айдай Асангулова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, форма кийимдери бир кесипке байланышкан болот.

"Биз улуттук баалуулуктарды элге жайылтууга болушунча аракет кылып келуүдөбүз. Базарлар Түркия, Кытай сыяктуу мамлекеттерден келген кийимдерге толуп, кыргыз кийимдерине "форма" деген ат берилип калды. Бул нерсе туура эмес. Форма бир кесипке байланыштуу болот. Мисалы, врачтардын, өрт өчүргүчтөрдүн, милициялардын өзүнүн бирдиктүү кийими форма деп аталат", — деди Асангулова.

Ал 40 метрлик оромдон турган элечек табылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0