Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сыргабаев: үй-бүлө — жаштар үчүн жогорку деңгээлдеги баалуулук эмес

Жазылуу
Социология илимдеринин кандидаты, доцент Самар Сыргабаев жаштар арасында үй-бүлө баалуулугу өз маанисин жоготуп бараткандыгын айтты.
Сыргабаев: үй-бүлө — жаштар үчүн жогорку деңгээлдеги баалуулук эмес

Ачыгын айтсак жаштар үчүн үй-бүлө жогорку деңгээлдеги баалуулук эмес. Бул тууралуу Самар Сыргабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, үй-бүлөгө жаштардын көпчүлүгү жеңил көз караш менен карап жатат.

"Чынында биздин азыркы жаштар үчүн үй-бүлө жогорку деңгээлдеги баалуулук эмес. Акырындап бул нерсе өзүнүн ордун, маанисин жоготуп бара жатат. Бул жерде диний факторлорду да карап кетишибиз керек. Мисалы, талак — үй-бүлө деген союздун бузулушун жеңилдеткендей сезилет. Советтер Союзу учурун карап көрсөк, ажырашуу бир нече жылдарга созулган процесс экен. Ал жерде атайын үй-бүлөнүн бузулушун оордотуп коюшкан. Саясат ушундай болгон. Сот процессинде улам-улам жубайлар жолугуп, көпчүлүгү кайра табышып кетишкен", — деди социолог.

Ал социологияда "дистанттык үй-бүлө" деген жаңы термин пайда болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0