Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бообекова: аял башкарган үй-бүлө мүчөлөрү депрессияга көп чалдыгат

© Sputnik / Исмаил МамытовКандидат педагогических наук, психолог Кадиян Бообекова
Кандидат педагогических наук, психолог Кадиян Бообекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова эркек башкарган үй-бүлөнүн балдары ийгиликтүү турмуш жолун улантып жатканын айтты.
Бообекова: аял башкарган үй-бүлө мүчөлөрү депрессияга көп чалдыгат

Аял башкарган үй-бүлө мүчөлөрү депрессияга көп чалдыгат. Бул тууралуу Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бала бактылуу болуу үчүн атанын да, апанын да мээримин тең салмакта көрүшү керек.

"Дүйнөдөгү тенденция боюнча алып карасак эркектер үй-бүлөнүн жоопкерчилигин белгилүү бир факторлордон улам алгысы келбей жатса, ал эми аялдар бергиси келбей жатат. Бирок, Америкада Европада жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянсак эркеги жок, же эркек башчы эмес аялдар башкарган үй-бүлөлөрдө депрессияга кабылгандар, психологго кайрылгандар көп кездешкен. Ал эми эркек башкарган үй-бүлөнүн мүчөлөрү бактылуу болуп, алардын көпчүлүгүнүн турмушу ийгиликтүү уланып жатканы аныкталган", — деди психолог.

Ал азыркы кезде аялдардын басымдуу бөлүгү көп акча тапкандыктан, эркектер өзүнөн-өзү басынып калганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0