Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эргешов: ооз жабаарда туздуу жана таттуу тамак жебеш керек

© Фото / пресс-служба ДУМК КРЗаместитель муфтия Акимжан ажы Эргешов
Заместитель муфтия Акимжан ажы Эргешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтияттын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов орозо мезгилинде аш болумдуу, сиңимдүү болгон тамак-аштарды жеген туура экенин айтты.
Эргешов: ооз жабаарда туздуу жана таттуу тамак жебеш керек

Ооз жабуу учурунда туздуу жана таттуу тамакты мүмкүн болушунча жебеш керек. Бул тууралуу Акимжан ажы Эргешов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек уруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ооз ачканда суюктук ичип, көбүрөөк жашылча жеген пайдалуу.

2018-жылдын орозо календары - Sputnik Кыргызстан
2018-жылдын Орозо календары: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) маалы
"Кыргыздын эң бир жакшы, аш болумдуу, тоюмдуу жана пайдалуу азыгы бул — бир чыны эзилген курут. Эзме курутту бир чыны ичип алсаңыз бир күн бою күч-кубат болуп берет. Саарлыкта бир чыны суу эмне болот эле деп ойлошуңүз мүмкүн. Антпей ичиңиз. Анткени анда береке бар. Заманбап медицина ашказанды таптакыр бош калтырбаш керек деп айтып келет. Ал эми пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) таңкысын аз да болсо жеп койгула деп жатат. Таттуу жана ачуу тамактар организмди бир күн бою суусатат. Суусап жатканда суу бербей койсоңуз бир күнү организм кайра мага беришиң керек болчу деп айтып чыгат. Мына ушинтип ден соолукту бузбаш үчүн сиңимдүү, аш болумдуу тамактарды жеген туура", — деди Эргешов.

Ал жөтөл, кургак учук, кант диабети сыяктуу дартка чалдыккандарга орозо кармоого болбой турганын, ал эми көптөн бери ооруп жүргөндөр орозону айыккан учурга жылдырып, кечиктирип кармаса болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0