Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумабаева: мектеп программасына кесиптик билим берүүнү киргизүү зарыл

© Sputnik / Табылды КадырбековУчительница русского языка Дамира Жумабаева
Учительница русского языка Дамира Жумабаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүүнүн отличниги, мугалим Дамира Жумабаева билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн биринчи кезекте мугалимдердин маянасын көбөйтүү керектигин айтты.
Жумабаева: мектеп программасына кесиптик билим берүүнү киргизүү зарыл

Билим берүү жана илим министрлигинин бюджет саясаты боюнча башкармалыгынын башчысы Мухтарбек Баймурзаев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Баймурзаев: аз саат менен иштеген мугалимдер кыскартылмай болду
Мектеп программасына кесиптик билим берүүнү киргизүү зарыл. Балдар айылда ата-энесинин жанында жашап, бир кесиптин ээси болсо, үй-бүлөнүн бюджетине да оң таасирин тийгизет. Мындай пикирин Дамира Жумабаева Sputnik Кыргызстан радиосуна билим берүү жана илим министринин мугалимдерге саат бөлүштүрүүдөгү босого жүктөм боюнча буйругун талкуулап жатып билдирди.

Анын айтымында, билим берүүнү өнүктүрүү үчүн мугалимдердин айлык акысын көтөрүү менен талапты күчөтүү керек.

"Билим сапаты түшүп кетти, ага жаш мугалимдердин сабатсыздыгы чоң себеп деп келишет. Мен буга кошула албайм. Тескерисинче, алар абдан аракетчил, иштесек деп турушат. Жаштарга шарт түзүп берип, аймактарга жиберүү керек. Жогорку класстарга кесиптик билим берүүнү кошсок, ар бир кыргыз жараны чоң турмуш жолуна бир кесиптин ээси болуп аттанмак", — деди Жумабаева.

Ал ошондой эле кесиптик билим берүү өзгөчө айыл жергесиндеги окуучулар үчүн керек экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0