Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Келдибекова: 10-20 жылдыктар кайрымдуулук иштерин жасап жатканы кубандырат

© SputnikУчительница Какен Келдибекова
Учительница Какен Келдибекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл агартуунун отличниги, 32 жылдык тажрыйбасы бар мугалим Какен Келдибекова 10-20 жылдыктар жардамга муктаждарга кол сунуп жатканы жакшы көрүнүш экенин айтты.
Келдибекова: 10-20 жылдыктар кайрымдуулук иштерин жасап жатканы кубандырат

10-20 жылдыктар барган сайын мектебине же чоңоюп өскөн айылына пайдалуу иштерди жасай баштады. Бул тууралуу Какен Келдибекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мурда бутуна турган бүтүрүүчүлөр сыналгы сыяктуу мектепке керектүү буюмдарды алып беришчү.

"Мурдагы бүтүрүүчүлөр 10, 20, 40 жылдык деп майрам уюштуруп, белегин берип кетишчү. Ошол эле учурда мектепти аяктап жаткан окуучулар да алардан кем калбай колунан келген белегин тартуулашчу. Ал эми азыр болсо билим берүу жана илим министри "окуучулар мугалимдерге белек бербеши керек" деген маанидеги буйругун чыгарды. Бул нерсе бир чети ата-энелердин капчыгына жакшы болду", — деди мугалим.

Ал ошондой эле мектепти 10, 20 жыл мурда бүтүп кеткендер кайрымдылуулук иштер менен алектенип жатканы кубантарлык көрүнүш экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0