Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асрандиев: 944 долбоордун көбү агро өнөр жайды өнүктүрүүгө арналды

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель правления РКФР Эркин Асрандиев
Председатель правления РКФР Эркин Асрандиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун төрөгасы Эркин Асрандиев жалпысынан фонд тарабынан 944 долбоор иштеп чыккандыгын айтты.
Асрандиев: 944 долбоордун көбү агро өнөр жайды өнүктүрүүгө арналды

Биз ишке ашырган 944 долбоордун жарымы агро өнөр жайды өнүктүрүүгө арналды. Бул тууралуу Эркин Асрандиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул долбоорлорго 276 миллион доллар каражат сарпталган.

"Бизге келип түшкөн долбоорлордун көпчүлүгү агро өнөр жайды жана өндүрүш тармагын өнүктүрүүгө арналат. Бул жылы аймактарды өнүктүрүү жылы болгондуктан, региондорго жылдагыдан өзгөчө көңүл буруудабыз. Жайгашкан жерине жараша ар бир аймактын бизнеске ыңгайлуу шарттары бар. Мисалы, Ысык-Көлдөгү долбоорлордун басымдуу бөлүгү туризмге багытталса, ал эми Ош облусунда азыркы кезде пахтаны кайра иштетүү бюнча долбоор менен иштеп жатабыз", — деди төрөга.

Ал Кыргызстанда жеңил өнөр жай тармагы да өнүгүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0