Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумабаев: орозо кармоо менен арыктап же семирсе болот

© Sputnik / Табылды КадырбековМирсаид Мирахимов атындагы Улуттук кардиология борборунун гастроэнтерология жана нефрология бөлүмүнүн башчысы Мамараим Жумабаев
Мирсаид Мирахимов атындагы Улуттук кардиология борборунун гастроэнтерология жана нефрология бөлүмүнүн башчысы Мамараим Жумабаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мирсаид Мирахимов атындагы Улуттук кардиология борборунун гастроэнтерология жана нефрология бөлүмүнүн башчысы Мамараим Жумабаев орозо кармоо көптөгөн оорулардын алдын аларын айтты.
Жумабаев: орозо кармоо менен арыктап же семирсе болот

Орозо кармоо менен арыктап же семирсе болот. Анын башкы максаты, албетте ички да, сырткы да дүйнөңдү тазалоо, бирок орозо учурунда арыктап же семирүү башка убактардан бир топ жеңил. Мындай пикирин Мамараим Жумабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" уктуруусунда орозо учурунда туура тамактануу боюнча маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, адам короткон энергиясына карап тамактануусу зарыл.

"Орозо кармоодогу ниет башка, бирок адамдардын купуя да бир каалоосу болот да. Кээ бирөөлөр ушул орозо кармоо менен салмак кошсом дешет, айрымдары арыктагысы келет. Ал үчүн жөнөкөй эрежени колдонуш керек. Эгер ооз ачкандан соң күчтүү тамактарды көп өлчөмдө жеп, андан соң бат эле уктап калса салмак кошулат. Тескерисинче, тамакты ооз бекитерде көп жегендер арыктайт. Анткени күнү бою кыймылда болуп калория жумшайт", — деди Жумабаев

Ал ошондой эле күнүмдүк турмушта аз кыймылда болгон адамдар калориясыз тамактарга басым коюп, көп күч короткондор күчтүү тамактанып жүрүшү керектигин кошумчалады.

Эскерте кетчү жагдай, респонденттин пикири редакциянын көз карашына дал келбей калышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0