Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдесова: республика аймагында балдар үчүн улуттук оюндар кербени өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЗамруководителя секретариата ВИК Айжан Абдесова
Замруководителя секретариата ВИК Айжан Абдесова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова кыргыз улуттук оюндарын балдар арасында жайылтуу керектигин айтты.
Абдесова: республика аймагында балдар үчүн улуттук оюндар кербени өтөт

Кыргызстан калкынын 40 пайызга жакынын жаш балдар түзөт. Өлкө келечегин ойлосок, биз балдардын тарбиясына олуттуу көңүл буруубуз керек. Улуттук оюндар бул багытта эң сонун өбөлгө түзө алат. Мындай пикирин Айжан Абдесова Sputnik Кыргызстан радиосунун 28-майдагы таңкы эфиринде "Балдар кербени" долбоору тууралуу сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Балдар кербени" долбоорунун алкагында 25 спорт оюндары ойнотулат.

"Иш-чара 5-июнда Кант шаарынан башталат. Ал жерден аттанган кербен Ысык-Көл, Нарын облустарында өтүп, андан соң Таласка жөнөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткенди кыдырып, жыйынтыктоочу оюндар 30-июнда Бишкек шаарында болот. Жалпысынан 14 шаарды камтыган бул долбоорго бардык каалоочулар катышса болот. Балдар өзүнө жаккан оюнду ойноп көрүп, бир чети оюн тууралуу маалыматка ээ болсо, экинчиден жаңы досторду табат. Ата-энелердин да балдары менен чогуу келүүсүн суранабыз. Анткени долбоордун башкы максаты — ата-эне менен балдарынын ортосундагы мамилени улуттук оюндар аркылуу дагы да тереңдетүү ", — деди Абдесова.

Ал ошондой эле долбоор ЮНИСЕФ фонду менен биргеликте уюштурулуп жатканын, бардык керектелчү чыгымды аталган фонд бөлөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0