Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: жеке дагы, мамлекеттик дагы пансионаттарды текшеребиз

© Фото / Кыялбек РаимбековАким Иссык-Кульского района Данир Иманалиев
Аким Иссык-Кульского района Данир Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев көл жээгиндеги бардык пансионаттар жайкы сезонго кызуу даярданып жатканын айтты.
Иманалиев: жеке дагы, мамлекеттик дагы пансионаттарды текшеребиз

Жеке менчик дагы, мамлекеттик дагы пансионаттарды текшеребиз. Ысык-Көл районунда жалпысынан 168 пансионат бар, алардын баары текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Данир Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде жайкы туристтик сезонго даярдыктар тууралуу сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, текшерүүдөн өтпөгөн пансионаттар ошол жылы ишмердүүлүгүн жүргүзө албайт.

"Өкмөттүн токтомунун негизинде бардык эс алуучуларды кабыл алчу жайларды текшеребиз. Текшерүүгө райондук администрациядан сырткары, Экотехинспекция, Санепидемстанция, ӨКМдин өкүлдөрү, мамлекеттик архитектурадан тиешелүү адистер келишет. Пансионаттардын экологиялык абалы, жашылдандыруу иштери, агынды суулардын каякка кетип жатканы, калкты кабыл алчу имараттардын абалы, аларга тамак берүүчү жайлар талапка жооп береби деген суроолордун тегерегинде текшерүү иштери жүргүзүлөт. Бул критерийлердин баарына жооп берген гана пансионаттарга иштөөгө уруксат берилет", — деди Иманалиев.

Ал ошондой эле былтыр 2017-жылы текшерүүдөн 12 пансионат өтпөй калганын, алар көрсөтүлгөн талаптарды толук аткарганча ишмердүүлүгү токтотулганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0