Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу жана дары саясат башкармалыгынын башкы адиси Нургүл Ибраева

Ибраева: тамеки чегүүгө каршы күрөшүү бир эле дарыгерлердин иши эмес

(жаңыланган 11:19 01.06.2018)
Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу жана дары саясат башкармалыгынын башкы адиси Нургүл Ибраева коомдук жайларда чылым чегүү мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын билдирди.
Ибраева: тамеки чегүүгө каршы күрөшүү бир эле дарыгерлердин иши эмес

Тамеки тартууга каршы күрөшүү бир эле дарыгерлердин иши эмес. Мындай пикирин Нургүл Ибраева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде 31-май — Чылым чегүүгө каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чылым чегүүнү азайтуу үчүн баасын кымбаттатуу менен дааналап сатууну токтотуш керек.

"Чылым чегүү менен күрөшүүдө экономика министрлиги бааларды көзөмөлдөө жагынан, салыкчылар салыкты көтөрүп, билим берүү министрлиги окуучулар жана студенттер арасында зыяндуулугун түшүндүрүү иштерин жасашы керек. Ал эми тартип сакчылар коомдук жайларда тамеки чеккендерге айып салууну күчөтүшү шарт. Тийиштүү министрликтер менен чогуу иштебесек, майнап болбойт. Учурда Кыргызстанда эркектердин 50 пайызы, ал эми аялдардын 8 пайызга жакыны тамеки тартат. Бирок иш жүзүндө бул сандар кыйла жогору болушу мүмкүн. Мындай көрүнүш улуттун келечектеги  саламаттыгы чүн абдан кооптуу", — деди Ибраева.

Ал ошондой эле сунушталып жаткан жаңы мыйзам долбоорунда кальянды коомдук жайларда чегүүгө, ал эми насвайды сатууга таптакыр эле тыюу салуу боюнча айтылып жатканын кошумчалады.

Белгилер:
чылым, мыйзам, ден соолук, Нургүл Ибраева
Тема боюнча
Жакыныңыз чылымын таштабай жатабы? Окумуштуулар жеңил ыкма сунуштады
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков

Медетбеков: КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздугу үчүн ЖККУ чоң иштерди жасоодо

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков ЖККУнун түзүлгөн максаты уюмга мүчө-мамлекеттерди тышкы агрессиядан сактоо болгонун айтты.

Жамааттык коопсуздук келишим биримдиги ага мүчө болгон өлкөлөрдү сырткы коркунучтардан сактоо максатында 1992-жылдын 15-майында түзүлгөн. Ошол кездеги курамына Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Армения кирген. Бир жылдан соң Азербайжан, Өзбекстан жана Беларусь мүчөлүкө кабыл алынган. Бул тууралуу Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Медетбеков: КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздугу үчүн ЖККУ чоң иштерди жасоодо

Анын айтымында, аталган уюм учурда бир гана террорчулук менен күрөшүүдө эмес, мыйзамсыз миграция, баңгизатын ооздуктоо жана IT багытындагы кылмыштуулуктарга каршы турууда да жетишкендиктерди көрсөтүп келет.

"ЖККУга кирген мамлекеттер 2002-жылдан баштап өз ишмердүүлүгүн күчөттү десек болот. Ушул убакыттан тарта ыкчам аскердик күчтөрдү тартууга басым жасалган. Бул максатта Кыргызстандан да бир батальон кошулган. Албетте, биримдиктеги аскер күчтөрүнүн 80 пайыздан ашыгын Россиянын күчтөрү камсыздайт. Ошентсе да бардык мүчө-мамлекеттер ар кандай сырткы коркунучтарга бирдиктүү күрөшүүгө даяр болгон чоң, өз тарыхы, орду бар уюм десек болот. Алгач биримдик террорчулук, экстремизмге каршы туруу үчүн гана түзүлсө, азыркы учурда интернет технологияларынын жардамы менен келтирилүүчү коркунучтарга, баңгизаты менен күрөшүүдө жана мыйзамсыз миграцияны ооздуктоодо чоң-чоң иштерди жасоодо", — деди Медетбеков.

Ал ЖККУнун чыгымдарынын 50 пайызын Россия каржылай турганын, калган 50 пайызын башка мүчө-өлкөлөргө бөлөрүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, учурда биримдикке алты өлкө мүчө.

Белгилер:
коопсуздук, уюм, ЖККУ, Артур Медетбеков
Тема боюнча
Медетбеков: экстремизмдин бир нече түрү бар
Улуттук паралимпиада комитетинин президенти Абдуалим Нишанов

Нишанов: Паралимпиадага спорттун эки түрүнөн лицензия алуу ниетибиз бар

(жаңыланган 11:44 20.04.2021)
Улуттук паралимпиада комитетинин президенти Абдуалим Нишанов Токиодо өтө турган Паралимпиада оюндарына Кыргызстан эки спорттун түрүнөн лизенция алуу ниетинде экендигин айтты.

Паралимпиадага парапауэрлифтинг жана пара жеңил атлетика боюнча жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү жогору. Мындай пикирин Абдуалим Нишанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Нишанов: Паралимпиадага спорттун эки түрүнөн лицензия алуу ниетибиз бар

Анын айтымында, Кыргызстанда параспорт жаңы өнүгүп келе жаткандыгына байланыштуу спортчуларды колдоо максатында лицензия берилиши мүмкүн.

"Алдын ала так айтуу кыйын. Бирок спорттун эки түрү боюнча эки федерациянын даярдыгы жакшы. Пара пауэрлифтинг боюнча Жыргалбек Орозбаев, Максат Аргымбаев лицензия алуу үчүн машыгып, мыкты даярдыктан өтүшүүдө. Ал эми паратриатлон боюнча Жалалдин Абдувалиев аракет көрүүдө. Алар Азия чемпионатында, Азия оюндарында жана эл аралык мелдештерде жакшы жыйынтык көрсөтүп келишет. Спортчулар менен сүйлөштүк, үмүтүбүз чоң. Жеңип келгенден кийин элдин, мамлекеттин колдоосу кандай болорун алар жакшы түшүнүшөт. Андыктан алдыга коюлган максатына жетүү үчүн болгон күчүн жумшашат. Мындан тышкары, бизде параспорт жаңы өнүгүп келе жаткандыгына байланыштуу спортчуларды колдоо максатында лицензия берилиши мүмкүн", — деди Нишанов.

Ошондой эле жетекчи өлкөдө параспорт боюнча маалыматтын жеткиликтүү болбогондугу тармактын өнүкпөй туура эмес түшүнүктөрдүн пайда болушун шарттап жаткандыгын кошумчалады.

Белгилер:
лицензия, Токио, паралимпиада
Тема боюнча
Бакиров: майып балдарды спортко тартууну колго алуу зарыл
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров. 24 марта 2021 года

Президент Садыр Жапаров Мария Айтматованын жакындарына көңүл айтты

(жаңыланган 20:07 20.04.2021)
Маркум быйыл июль айында 79 жашка чыкмак. Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматова ооруканада көз жумган.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаров маркумдун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Мария Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул — анын үй-бүлөсү жана туугандары үчүн гана эмес, баарыбыз үчүн чоң жоготуу. Мария Айтматова биздин эсибизде камкор эне, үй-бүлө очогунун сактоочусу, ошондой эле Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө даңазалаган улуу жазуучунун жашоосундагы сүйүктүү жары жана ишенимдүү жубайы катары түбөлүккө калат. Айтматовдордун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтам", — деди Жапаров.

Маркум быйыл июль айында 79 жашка чыкмак. Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматова ооруканада көз жумган.