Эми интернатка эмгек мигранттар да балдарын калтыра баштады. Бул тууралуу Махабат Турдумаматова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, интернаттагы балдардын беш пайызы тоголок жетим болсо, калгандары атасыз же апасыз, же болбосо эмгек мигранттарынын балдары.
"Бүгүнкү күндө интернатта тарбияланган балдардын саны өсүүдө. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянсак, ал жердеги балдардын беш пайызынын ата-энеси жок. Ал эми калган 95 пайыз балдардын атасы, же апасы бар. Соңку мезгилде мигранттар да экономикалык жагдайдан улам балдарын интернатка калтырып кетишүүдө. Алар мунун себебин баланы багууга акчасы, жумушу жоктугу менен түшүндүрүп жатышат", — деди укук коргоочу.
Ал интернат кызматкерлери мигранттардын балдарын айласыздан алып жатканын кошумчалады.
18-январдан тарта Бишкектеги орто мектептер салттуу режимде окуй башташат. Бул тууралуу Чынара Исакова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдарын мектепке жеткирип барган ата-энелер да эпидемиологиялык абалды эске алып, тиешелүү эрежелерди карманышы шарт.
"18-январдан тарта Бишкек мэриясына караган мектептер айрым класстардын окуучулары үчүн эшигин ачат. Алар 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары. Жалпысынан 56 миңден ашуун окуучу барып окуйт. Бардык эпидемиологиялык шарттар эске алынды, мектептер даяр", — деди Исакова.
Адис бирдиктүү мектеп формасы талап кылынбастыгын, бирок дресс-кодду сактоо зарылдыгын кошумчалады.
Дача СУдагы кырсыкта элдин ынтымагына суктандым. Бишкектиктердин күйүмдүүлүгүн көрүп, көзүбүзгө жаш алдык. Мындай сезимдери менен Дастан Женгенбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.
Куткаруучунун айтымында, элден ар кандай жардамдар кырсык болгон күнү түштөн тарта келе баштаган.
"Мен ал күнү күзөттө болчумун. Бир сааттан соң нөөмөттү тапшырабыз деп турганбыз. Аңгыча эле "Манас" аэропорту жакта учак кулады деген чакырык келип түштү. Алгач уккан кулагыма ишенген жокмун, тилекке каршы, маалымат чын болуп чыкты. Саат 8ге чамалап жетип бардык. Согушка түшкөндөй эле болдук. Урандылар менен коюу туман, түтүндүн арасынан чыккан онтологон үндөр жүрөгүбүздүн үшүн алды. Саат 14:00гө чейин тынымсыз иштеп жаттык. Негизги максатыбыз, тилегибиз да тирүү адамдарды табуу эле. Түштөн баштап элден гуманитардык жардам келе баштады. Улгайган апалар бир килограмм кумшекер, бир банка варенье, жаш балдар чогултуп жүргөн тыйындарын кутучасын жара чаап көтөрүп келип жаткандарын көргөндө көзүмө жаш алдым. Шаардыктардын мындай боорукерлигин, ынтымагын ошондо алгач ирет көргөм", — деди Женгенбеков.
Ал куткаруучулук кызмат өзүмчүл болбоого тарбиялай тургандыгын кошумчалады.
Эскерте кетсек, каргаша 2017-жылы 16-январда эртең менен болгон. Жүгү бар Boeing учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, аэропорттун жанындагы Дача СУ айылына кулаган. Натыйжада айылдын 35 тургуну менен экипаждын төрт мүчөсү тең каза тапкан.
Sputnik агенттиги Дача СУдагы авиакырсыктын себебин ачып берген даректүү тасма даярдады.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Оштун Кара-Суу районундагы шприц чыгаруучу ишкана менен таанышканын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, соңку күндөрү министр түштүк жергесинде иш сапары менен жүрөт.
Жеке ишкер Канатбек Кадыров ишкана 5 жана 10 граммдык шприцтер менен инсулин алганга ылайыкталган шприцтерди чыгарарын айткан.
"Мурда шприцтер менен түштүк аймагын гана камсыздасак, жакынкы убакыттарда республиканы камсыз кылганга жетиштик. Эми медициналык кол каптарды дагы чыгаралы деп турабыз", — деген ишкер.
Министр мындай кадамдар өлкө үчүн жеңилдик экенин айтып, ишкана жетекчисине ыраазычылыгын билдирген.