Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдесова: "Балдар оюндары" кербенине ар улуттун оюндары камтылган

© Sputnik / Табылды КадырбековДүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарынын катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарынын катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарынын катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова аталган катчылык менен ЮНИСЕФ уюму биргеликте "Балдар оюндары" деп аталган кербен жүрүш уюштуруп жаткандыгын айтты.
Абдесова: "Балдар оюндары" кербенине ар улуттун оюндары камтылган

"Балдар оюндары" кербенинин алкагында ар улуттун оюндары көрсөтүлөт. Мисалы, Чүйдө дунган, азербайжан түштүк облустарында өзбек, тажик элинин улуттук оюндары ойнотулат. Бул тууралуу Айжан Абдесова Sputnik Кыргызстан радиосуна долбоор тууралуу айтып берип жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган иш чара 5-июнда Кант шаарынан башталып республиканын 14 шаарында өткөрүлмөкчү.

"Кыргызстан көп улуттуу өлкө болгондуктан, бизде жашаган башка улуттардын да элдик оюндарын камтып кетүүнү чечтик. Жалпысынан 25 оюндун түрү ойнотулат. Долбоордун максаты —  оюндар аркылуу ата-эне менен баланын ортосундагы мамилени дагы жакындатуу. Иш-чарага каалаган бардык балдар ата-энеси менен келип катыша алат ", — деди Абдесова.

Долбоор 30-июнда Бишкек шаарында жыйынтыкталарын кошумчалады.

Эскерте кетчү жагдай, респонденттин пикири редакциянын көз карашына дал келбей калышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0