Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бейшембаев: чылым чеккен кыздар төрөй элек баласына да терс таасирин тийгизет

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук онкология жана гематология борборунун онкохирургия бөлүмүнүн башчысы Мукаш Бейшембаев. Архив
Улуттук онкология жана гематология борборунун онкохирургия бөлүмүнүн башчысы Мукаш Бейшембаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук онкология жана гематология борборунун онкохирургия бөлүмүнүн башчысы Мукаш Бейшембаев Кыргызстанда чылым чеккен аялдардын көбөйүүсү чоң көйгөй экенин айтты.
Бейшембаев: чылым чеккен кыздар төрө элек баласына да терс таасирин тийгизет

Чылым чеккен кыздар төрө элек баласына да терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу Мукаш Бейшембаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, дени сак баланын төрөлүшү үчүн болочоктогу эненин организми таза болушу керек.

"Чындыгында Кыргызстанда өзгөчө аялдар арасында чылым чегүү дүркүрөп өсүп жатат. Алардын көпчүлүгү бул нерсени мода катары кабыл алууда. Бирок, алар саламаттыгына абдан чоң зыян кылганны түшүнбөй жатат. Алар эртеңки эне болгондуктан дени таза болушу керек. Болбосо өзүнүн эле эмес келечекте төрөлчү баласынын да ден соолугун бузуп жатат", — деди Бейшембаев.

Ал тамекинин түтүнүндө төрт миңдей улуу заттар бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0